Жаңылыктар
Ысык-Көлдөгү пансионаттарды Өзбекстанга колдонууга берүүнүн себеби эмнеде?
Саясат
Ысык-Көлдөгү пансионаттарды Өзбекстанга колдонууга берүүнүн себеби эмнеде?

Коңшу эки мамлекет Ысык-Көлдө жайгашкан 4 пансионатка байланыштуу талаштуу жагдайды тынчтык жолу менен чечүүгө жетишти. Буга чейин расмий Ташкент чарбалык объектилер Кыргызстандын карамагына өттү деп эл аралык сотко кайрылган болчу. 

Бул 1994-жылы төртүнчү Премьер-министр Алмамбет Матубраимов кол койгон протокол. Дал ушул документке таянып өзбек тарап Кыргызстанды эл аралык сотко берип, иш каралып жаткан. Бирок эки мамлекеттин алакасы оң жагына оогонуна байланыштуу Кыргызстан жаңы келишим түзүп, эс алуу жайларын кайра пайдаланууга кайтарып берди.

Ысык-Көлдөгү Өзбекстан пайдаланып келген 4 пансионат өткөн жылы Кыргызстандын карамагына өтүп, айрымдарынын аталышы өзгөртүлгөн. Эми алар мурунку калыбында, ичиндеги чарбалык курулуштары толугу менен коңшу өлкөнүн колуна өтөт.

- Бостери айылында жайгашкан “Бостери” пансионаты (мурдагы “Золотые пески”, аянты 28, 35 гектар.)
- Кара-Ой айылындагы “Алтын жай” пансионаты ( эски аты “Рохат-НБУ”, аянты 19,05 гектар.)
- Ушул эле айылдын карамагындагы “Энесай” пансионаты ( мурдагы аталышы “Дилором”, аянты 21.77 гектар.)
- Ысык-Көлдүн тескей бетиндеги, Тоң районунун Күн Чыгыш айыл аймагындагы “Бустон” пансионаты, аянты 10,65 гектар.

Өкмөттүн бул кадамы инвестиция тартуу болуп эсептелет. Жаңы жагдайга байланыштуу эс алуу жайларын иштетүүгө өзгөртүүлөр киргизилген. Пансионат турган жер аянттары мыйзам боюнча 49 жыга берилет.

Өзбекстанга жаңы бийликтин келиши менен карым-катнашты бекемдөө максатында көптөгөн иштер аткарылууда. Адистердин айтымында, анын бири пансионаттарга инвестиция тартуу болуп эсептелет.