Жаңылыктар
Кара-Буура районунда көмүр саткан жайларда баа боюнча мониторинг жүргүзүлдү
Аймак
Кара-Буура районунда көмүр саткан жайларда баа боюнча мониторинг жүргүзүлдү

Кара-Буура районунда көмүр саткан жайларда баа боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Текшерүүгө Бааларды жөнгө салуу агенттигинин, Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын жана райондук администрациянын өкүлдөрү катышты. 

Белгилей кетсек, өкмөт көмүр түрлөрүнө карата атайын бааларды чегерген. Ал чегерилген баалардан ашырып сатуу же кызыл кулактык кылуу катталса, алып сатарларга административдик чара көрүлөт. Ал эми рейд учурунда айрым көмүр саткан жайлар шашылыш түрдө жабылып, сатуучулар качып үлгүрүштү.

 Бааны көзөмөлдөө тобунун билдиришинче бул өңдүү текшерүүлөр байма-бай жүрүп турат. Кыштын алдыдагы айларында эл көмүр менен жеткиликтүү камсыз болуп, баадан кыйналбашы керек дешет мындагылар.