Жаңылыктар
Жалал-абаддык аял үйү менен кошо күйүп кетти
Кырсык
Жалал-абаддык аял үйү менен кошо күйүп кетти

Жалал-Абад шаарындагы өрт чыккан үйдөн аял кишинин денеси табылды. Анын жанындагы эркек адам жаракат алган.

Бүгүн, 15-декабрда ӨКМ билдирген маалымат боюнча, Жамашев көчөсүндөгү 50 чарчы метр аянттагы турак үй толугу менен күйгөн. Көз жумгал аял үйдүн ээси — 1950-жылы туулган А.Т. экени такталып, күйүп калган жансыз денесин өрт өчүрүүчүлөр алып чыгышкан. Ал эми, анын жанындагы эркек кишини дарыгерлер ооруканага алып кетишти.

Учурда жабырлануучунун аты-жөнү жана өрттүн себеби такталып жатат.