Кара-Көл шаарындагы мектептердин айрым класстарында карантин жарыяланып, окуучулар бир класста гана окутулууда.
Маалым болгондой, сарык катталган класстык бөлмө санитардык көзөмөлдөн өткөрүлүп, тазаланып, жуулган. Ал класста окуган окуучулар окуу процессинде предмет боюнча башка класстарга көчүп билим алуудан убактылуу бошотулуп, сарык аба аркылуу жугуусун алдын алуу максатында бир класста гана окутулууда. Мындай иштер бир класстан бир же бир нече окуучудан сарык оорусу аныкталганда жүргүзүлөт.
Шаардык орууларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык мамлекеттик көзөмөлдөө борборунун адистеринин билдирүүсүндө, сарык оруусу быйыл 24,3%га азайган. Быйыл акыркы 11 айга карата 56 адам сарык менен катталып, анын 43үн 14 жашка чейинки жаш балдар түзгөн. Ал эми акыркы бир айда суу чечек (ветрянка) оорусунан жабыр тарткан 139 факт катталып, алардын басымдуу бөлүгүн мектеп жашындагы жана бала бакчага барган балдар түзгөн.