Жаңылыктар
Өзбекстандагы этникалык кыргыздарды каттоодон өтүшөт
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстандагы этникалык кыргыздарды каттоодон өтүшөт

Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыздардын саны 2 жылдан кийин билинет. Анткени элди каттоо өнөктүгүн өзбек бийлиги 2020-жылы өткөрүүнү мерчемдеди. 

Мындай маалыматты эл аралык пресс-клубдун жыйынында Өзбекстандын комитет төрагасы Баходир Бегалов билдирди. Анын айтымында, эл каттоо көп жумушту жана акчаны талап кылган процесс. Учурда калкты каттоо өнөктүгүнө даярдык катуу жүрүүдө.

Белгилей кетсек, 2013-жылы Өзбекстанда жүргүзүлгөн эл каттоонун жыйынтыгы менен бул өлкөдө 422 миңге жакын этникалык кыргыз жашаары маалым болгон.