Жаңылыктар
КТРК СПОРТ телеканалы 2 жашта
Спорт
КТРК СПОРТ телеканалы 2 жашта

Бүгүн, 15-декабрь Коомдук телерадиоберүү корпорациясын “Спорт” телеканалы 2 жашка толду. Бул аралыктан бери канал өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, көрөрмандарынын үмүтүн актаганга, өз аудиториясын кеңейтүүгө жетишти.

Телеканал КТРК СПОРТ-  Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын курамындагы Кыргызстандагы биринчи спорт көрсөтүүлөрүн чагылдырган телеканал.

Каналдын негизги максаты-сергек жашоого үндөө менен дүйнөлүк жана жергиликтүү спорт жаңылыктарын кеңири көргөзүү. Жаңыдан кадам таштап жаткан каналдын программалар торчосунун 50 пайызын жергиликтүү берүүлөр жана дүйнөлүк таймаштарды түз алып берүү менен КТРК тарабынан даярдалган спорт программалары түзөт.