Жаңылыктар
Бишкектеги “Аккула” ат майданы мэрияга өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги “Аккула” ат майданы мэрияга өттү

Бишкектеги “Аккула” ат майданы Бишкек мэриясынын менчигине өттү. Мындай маалыматты “Ала-Тоо 24” каналына шаардык мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Султан Өмүров билдирди. 

Анын айтымында, ипподром мэриянын менчигине катталып, мөөнөтсүз пайдалануу боюнча актыны мэриядагылар кабыл алды. Бул ат майдан 49 жарым гектар жерди ээлейт. Мурдагы таржымалына кайрыла кетсек 1998-жылы “Ак-Кула” деп аталган акционердик коом ипподромдун мүлкүн сатып алган. 

Ошол эле жылы 28-июлда акционердик коомго “Аккула” ат майданын менчиктеген күбөлүк берилген. Бирок баардык инстанциядагы соттор бул бүтүмдөрдү жокко чыгарды. Себеби, “Аккула” ат майданы 1995-жылы эле Өкмөт токтому менен Бишкек мэриясынын менчигине бериле турган объектилердин тизмесине киргизилген. 

Ал эми 1996-жылы Бишкек шаардык кеңеши ипподромду муниципалитеттин балансына кабыл алган токтом чыгарган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ат майдан 1995-жылы эле Айыл жана суу чарба министрлигинин карамагынан чыгарылгандыктан ал мекеме ипподромдун мүлкүн башкаруу укугуна ээ болгон эмес.