Жаңылыктар
Мекемелер "менчиктеп" алган унаа токтотуучу жайлар мыйзамдуубу?
Кыргызстан жаңылыктары
Мекемелер "менчиктеп" алган унаа токтотуучу жайлар мыйзамдуубу?

Бишкекте кайсы бир “банктын же ресторандын кардарлары үчүн” деп жазылган тактачаларды карыш баскан сайын эле кезиктирүүгө болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын жер ресурстары башкармалыгынын бөлүм башчысы Эмил Аскаров маалымат берди. 

Негизинен баардык унаа токтотуучу жайлар жалпы колдонуу үчүн берилет. Ал эми жеке колдонууга ала турган болсо, Бишкек шаарындагы юридикалык жак болобу же, физикалык жактар болобу унаа токтотуучу жайларды мыйзамдаштыруу үчүн бизге кайрылууга укуктуу.

Айрым учурда ишканалар унаа токтотууга акча талап кылып жаткандыгы тууралуу даттануулар да болуп келет. Адистердин айтымында абалды мыйзамдаштыруу үчүн, атайын процедуралардан өтүп, уруксат берүүчү кагаздарды топтоо керек.

Көзөмөлдөөчү органдар тарабынан канча ирет эскертүү берилгени менен, ишкерлер аны кулак сыртынан кетирип, каалагандай калчап иш алып барып келишет. Мындан улам айдоочулардын көкөйүнө көк таштай тийген бул мыйзамсыз кадамдарга жол бербей, укугуңузду биле жүрүңүз.