Жаңылыктар
Билим берүүнү тартиптен баштайлы
Кыргызстан жаңылыктары
Билим берүүнү тартиптен баштайлы

Ордо калаадагы №64 гимназия-мектеби менен курал саткан дүкөндүн ортосундагы тирешүү дагы да уланып келет. Мектеп администрациясы билим берүү имаратындагы курал саткан дүкөндү жаптыруу боюнча бир топ жерге арыз жазып кайрылган, бирок андан натыйжа чыккан эмес. 

Буга чейин мектеп жетекчилиги Жогорку Кеңешке кайрылуу да жолдогон. Эми окуучулардын ата-энелери эл өкүлдөрүнө экинчи ирээт кайрылуу катын даярдап жатат. 

Анда мектеп имаратындагы курал саткан дүкөндүн орун алышы туура эмес экендиги айтылат. Ошондой эле балдардын өмүрүнө кооптуу көрүнүш жаралып жатканы тууралуу жазылган. 

Эскерте кетсек, курал саткан дүкөндүн 470 чарчы метр жери башында №64 мектепке караштуу болуп, андан кийин ал Октябрь районунун мектептеринин окуучуларынын аскердик машыгуу жайына айланган. Кийин спорттук кийимдер дүкөнү болуп, андан соң курал-жарак сатылчу дүкөнгө айланган.