Жаңылыктар
Өкмөт ири инфраструктуралык долбоорлорду инвесторлор менен ишке ашырууга даяр
Экономика
Өкмөт ири инфраструктуралык долбоорлорду инвесторлор менен ишке ашырууга даяр

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн жардамы менен жеке инвестицияларды тартуу. Бул маселе эл аралык уюмдардын жана премьер-министр Сапар Исаков баш болгон өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланды. 

Өкмөт ири инфраструктуралык жана саламаттык сактоо, билим берүү сыяктуу тармактарга жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча бир катар бизнес долбоорлорду инвесторлор менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн жардамы аркылуу ишке ашырууга даяр.

Өкмөт жакынкы келечекте өлкөнүн натыйжалуу пайдаланылбай келген кирешелүү булактарын сырттан жеке инвестор тартып, ийгиликке жетүүгө кадам таштады. 

Бул аракеттер мамлекеттик жеке өнөктөштүктө ишке ашканы турат. Жыйында мамлекет менен өнөктөш катары иштеп жаткан компаниялардын аэропорттордун инфраструктарасын дүйнөлүк талаптарга ылайыкташтырган ийгиликтүү ишмердүүлүктөрү боюнча маалыматтар берилди.