Жаңылыктар
Өлкөнүн ветеринардык тармагын өнүктүрүү иштери кандай уланууда?
Экономика
Өлкөнүн ветеринардык тармагын өнүктүрүү иштери кандай уланууда?

Өлкөнүн ветеринардык тармагын өнүктүрүү тууралуу өкмөттүн программасын ишке ашыруу боюнча алгачкы кадамдар башталды. Бажы биримдигине мүчө болгондон кийинки жылдарда бир катар ветеринардык-санитардык чаралар ишке ашырылып, тармактын дүйнөлүк стандартка шайкеш келишине аракеттер жасалып келет.

Быйылкы жылы өлкөнүн бажы биримдигине кирүүсүндөгү «Жол картасында» көрсөтүлгөн ветеринардык-санитардык чаралардын 22синин 16сы иш жүзүнө ашты. Ал эми калган 6 пункт аткарылуу алдында турат. 2017-жылы туруктуу эпизоотиялык абалды камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен 130 млн сом бөлүнүп, ага мал жандыктарында кездешүүчү 9 ооруга каршы вакциналар сатылып алынды. Учурда өлкө боюнча эпизоотиялык абал туруктуу.

Жаңы вакциналарды колдонуу менен мал жандыктарын эмдөөдөн өткөрүүдө майда мал арасында бруцеллез менен ооруган малдын саны 2,5 эсеге кыскарды. Ал эми адамдар арасында акыркы беш жылда ооругандардын саны 5 эсеге азайган. Эл аралык соода жүргүзүүдө терс таасир тийгизүүчү шарп, күл жана кыргын ылаңдары акыркы 2 жылдан бери каттала элек. Ал ортодо республика боюнча мал жандыктарын идентификациялоонун биринчи этабы ийгиликтүү жыйынтыкталды.