Жаңылыктар
С.Жээнбеков Казакстан элин, өлкөнүн Көз карандысыздык күнү менен куттуктады
Саясат
С.Жээнбеков Казакстан элин, өлкөнүн Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевди жана Казакстан элин, өлкөнүн Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. 

"Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана бардык казакстандыктарды - Казакстан Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүк маанайындагы кыргыз-казак мамилелери бир тууган элдин өз-ара кызыкчылыктарын мындан ары дагы бекем чыңдап, өнүгө берет деген ишенимимди билдирем. Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана сиздин мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми бир тууган Казакстан элине - тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм",- деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.