Жаңылыктар
Токтогулда 7 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды
Кырсык
Токтогулда 7 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды


Токтогул районунда болгон каргашалуу жол кырсыгы жети адамдын өмүрүн алды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. Окуя 16-декабрда кечки саат 18:00да Бишкек — Ош унаа жолунун 299-чакырымында Торкен айылында болгон. 

Анда "Hyundai Getz" жана "Honda Stepwagen" үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. ӨКМдин билдирүүсүндө кырсыктын кесепетинен жети адам набыт болуп, үчөө жаракат алган. 

Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жаткырылган. Алдын ала маалымат боюнча "Honda" үлгүсүндөгү унаа Бишкектен Аксы району көздөй бараткан, экинчи унаа Үч-Терек айылынан Токтогулга багыт алган.