Жаңылыктар
Алматыда өткөн "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагында ырчы Омар 1-орунга ээ болду
Маданият
Алматыда өткөн "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагында ырчы Омар 1-орунга ээ болду

Казакстандын Алматы шаарында болуп өткөн "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагында, Кыргызстандын атынан катышкан ырчы Омар 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу ырчынын менеджери Миргүл Эсеналиева билдирди. 

Белгилүү болгондой, сынак 12 этапты камтып, 3 айга созулган. 

Ага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Түркия, Грузия, Башкыртстан, Татарстан, Өзбекстан жана Тажикстан болуп жалпысынан 9 мамлекеттин атактуу ырчылары ат салышкан.