Жаңылыктар
Бишкекте 19 жаштагы Руслан Кадыркуловду издеп жатышат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 19 жаштагы Руслан Кадыркуловду издеп жатышат

Бишкек шаарында 2017-жылдын 12-декабрынан бери 19 жаштагы Руслан Кадыркулов изделип жатат. Анын эжеси Таалайгүлдүн айтымында, үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес.

Ошол күнү кара түстөгү сырт кийим (куртка), күрөң түстөгү шым жана кара бут кийим кийип, боз түстөгү баштык (рюкзак) асынып жүргөн.

Руслан тууралуу маалыматы бар жарандардан (0552) 39 29 19 номуру аркылуу байланышууну суранышат.