Жаңылыктар
Тоголок Молдо айылдык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо боюнча чукул жыйын өттү
Саясат
Тоголок Молдо айылдык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо боюнча чукул жыйын өттү

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңешинин депуттарын шайлоо боюнча 16-декабрь күнү чукул штаб өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Тоголок Молдо айылдык кеңештин депутаттары 2 жолу айыл өкмөт башчысын шайлай алышпагандыктан тараганга мажбур болушкан. Ал эми, штабда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо коомдук тартиптин күчөтүлүшү, электр энергиянын өчүрүлбөшү, шайлоо урналарынын жана башка жабдыктардын даяр болушу, шайлоочулардын тизмесин так аныктоо, ошондой эле шайлоо өтчү тилкенин жылуулук менен камсыздалышы боюнча тийиштүү мекеме-ишкана жетекчилерге тапшырма берилди.

Эске сала кетсек, 2016-жылы шайланган айылдык кеңештин депутаттары 2 жолу айыл өкмөт башчысын шайлай албай тарашкан болсо, ал эми быйыл 2017-жылы шайланган депутаттар дагы 2 жолу айыл өкмөт башчысын шайлай албай, кайрадан тарап кетишти. Эми кийинки шайлоо 2018-жылдын 28-январь күнүнө белгиленди.