Жаңылыктар
Караңгылатылган «Лексус» жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерди сүзүп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Караңгылатылган «Лексус» жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерди сүзүп кетти

Бишкек шаарындагы А.Масалиев көчөсүндө айнектери караңгылатылган «Лексус LX-470» унаасы жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерди сүздү.

Милициянын маалыматы боюнча, 17-декабрда саат 15:00 чамасында Түштүк дарбаза тарапта Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкери аталган унааны токтоткон. Бирок айдоочу ага баш бербестен кызматкерди сүзө качырып, ал жерден унаасын айдап качып кеткен. Учурда жабырлануучу кызматкер ооруканага жаткырылып, экспертизалар дайындалды.

Бул окуя боюнча ыкчам тергөө иштери менен Бишкек шаарынын 1998-жылы туулган тургуну И.А. шектелип убактылуу камакка алынды. Унаасы айып токтоочу жайга токтотулуп, топтолгон материалдар Октябрь РИИБге өткөрүлгөн.