Жаңылыктар
Чет жакта жүргөн кыргыз мигранттар КРге 2 млрд доллардан ашык акча которушкан
Экономика
Чет жакта жүргөн кыргыз мигранттар КРге 2 млрд доллардан ашык акча которушкан

Чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттары ушул жылдын он айында Кыргызстанга 2 миллиард 88 миллион 730 миң доллар которгон. Улуттук банктан билдиришкендей, которулган каражаттын көлөмү өткөн жылга караганда 468 миллион 730 миң сомго өстү. Былтыр бул көрсөткүч 1 миллиард 615 миллион 110 миң доллардан бир аз ашкан. 

Россиядан — 2 миллиард 44 миллион 430 миң доллар которулса, калган сумма Казакстан жана алыскы чет өлкөлөрдөн кирген. Маалым болгондой, чет жактарда миллионго жакын кыргызстандык иштеп жүрөт. Алардын 80 пайызы Россияда.