Жаңылыктар
Бишкекте элет элинин жашоосун жакшыртуу аракеттери боюнча семинар өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте элет элинин жашоосун жакшыртуу аракеттери боюнча семинар өттү

Борбор калаада элет жеринин инфраструктурасын, социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу аракеттери боюнча семинар өттү. Анда бул багыт боюнча алектенген түштүк кореялык “Сэмаыль Ундонг” кыймылынын буга чейин Кыргызстанда жасаган иштери, алдыда аткарыла турган пландары талкууланды. 

Аталган кыймылдын ишмердүүлүгүн жайылтуу аракеттери өлкө аймагында 2010-жылы башталган. Алар “Жаңы айыл” долбоорунун алкагында республика боюнча 5 айылга 10 миң доллар өлчөмдөгү каражат бөлүп берген. Учурда ал акчага айылдардагы жолдор оңдолуп, бала бакча жана балдар аянтчасы салынып, курулуш иштери толугу менен бүткөрүлдү. 

Кыймыл жергиликтүү жамааттар менен бирге айыл элдеринин жашоо шартын жакшыртуу, экономикалык абалын оңдоону максат кылып, мамлекеттин жардамы менен бирге аракеттенип келет.