Жаңылыктар
Өлкөдө мектепке чейинки билим берүү класстары ачылат
Билим
Өлкөдө мектепке чейинки билим берүү класстары ачылат

Мектепке чейинки билим берүү класстары республиканын дагы 100 мектебинде ачылат. Анда балдарга 3 сааттык сабак өтүлөт. Аларга көбүнчө бала бакчага барбаган балдар тартылат. 

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев билдирди. Анын айтымында, учурда мектепке чейинки билим берүү тармагын жакшыртуу максатында өлкө боюнча 300гө жакын билим берүү мекемеси техникалык жактан камсыздалды. 

Министрликтин маалыматы боюнча, быйыл 1-класска кирген балдардын 20%ы гана бала бакчаларга барган. Ошол себептен, жергиликтүү бийликтин демилгеси менен жер-жерлерде мектепке чейинки билим берүү класстарын ачуу колго алынууда.