Жаңылыктар
Кытайдан мыйзамсыз кирген өрдөк эти кармалды
Кылмыш
 Кытайдан мыйзамсыз кирген өрдөк эти кармалды

Кытайдан аткезчилик жол менен ташылып келаткан өрдөк эти кармалды. Кыргызстандын аймагында ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө багытындагы пландуу текшерүү учурунда аткезчилик жол менен өрдөк этин ташып келаткан «Вольво FN12» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа кармалды. Бул тууралуу маалымат каражаттарына Бажы кызматы билдирди. 

Текшерүүдө белгилүү болгондой, автоунаадан табылган 15 миң кг өрдөк этинин ЕАЭБдин бажы аймагына алып кирүү үчүн берилүүчү товардык документтери жок болуп чыккан. Мыйзамсыз ташылып келе жаткан товар Кытайда өндүрүлгөнү белгилүү болду. Жүк 2 млн. 376 миң сомго бааланган. Жүк ташуучу автоунаа кыргызстандык жаранга таандык экени аныкталып, иш тергөөгө жөнөтүлдү.