Жаңылыктар
Митингтер ири толкундоолорго өсүп жетилбейт
Саясат
Митингтер ири толкундоолорго өсүп жетилбейт

Жалал-Абад шаары менен Аксы районунда оппозициянын митинги өттү. Анда социалдык маселелерди чечүү талабы айтылды. Акцияга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышып, элди терс чакырыктарга азгырылбоого үндөштү.

Аксы районунда өткөн митингге район акими да катышып, коюлган талаптарды укту.  Акцияны уюштурган активисттердин бири Адил Турдукулов өкмөт социалдык маселелерди чечиш керек экенин айтат.

Нааразычылык акциясы Жалал-Абад шаарында да өтүп, анда оппозиция өкүлү Бектур Асанов бийликти кетирүү керек экенин айтты. Буга чейин 24-мартта Ош шаарында ири жыйын болоору кабарланып, аны уюштуруп жаткан “Эл үнү” кыймылынын жетекчиси Азимбек Бекназаров эч кандай митинг эмес, курултай өтөөрүн билдирген эле. Бирок, Жалал-Абаддагы бүгүнкү акциянын уюштуруучусу Бектур Асановдун айтканы Бекназаровдун билдирүүсүнө каршы келип отурат.

Жалал-Абаддагы митингде шаардын мэри Салайдин Авазов эл алдына чыгып, оппозиция өкүлдөрү олуттуу сунуш айта албаганын белгиледи. Ал тургундарды тынчтыкка чакырат.

 Айрым маалымат каражаттары Жалал-Абаддагы митингди өткөрүүгө Бектур Асановго Кадыржан Батыров каржылык колдоо көрсөттүбү деген суроону коюшту. Нааразычылык акциялары канчалык уюштурулбасын алар ири толкундоолорго өсүп жетилбейт деген пикирди карманат саясий илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков.

Оппозициянын курултай, митингдери 27-мартта өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоону утурлап уюштурулууда

Калыгул Асамбаев БИРИНЧИ РАДИО