Жаңылыктар
Бишкекте дзюдо боюнча "Хан Манас" эл аралык мелдеш өттү
Спорт
Бишкекте дзюдо боюнча "Хан Манас" эл аралык мелдеш өттү

Ордо калаада дзюдо боюнча “Хан Манас” VIII эл аралык мелдеш өттү. Жарыш 16-17-декабрь күндөрү Арча-Бешик жаңы конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия спорт комплексинде уюштурулду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 

Мелдешке Армения, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Грузия жана кыргызстандык спортчулар ат салышты. 7 мамлекеттен жалпысынан 365 спортчу келген. Алардын ичинен 285и эркек, 79у кыз дзюдочу катышты.