Жаңылыктар
Россияда президенттик шайлоого карата шайлоо өнөктүгү башталды
Дүйнө
Россияда президенттик шайлоого карата шайлоо өнөктүгү башталды

Россияда 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоого карата шайлоо өнөктүгү расмий түрдө башталды. 18-декабрдан тарта партиялар съезддерди өткөрүп, анда расмий талапкерлери менен өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерди бекитип, аларды колдогон топтор менен жолугушуу өткөрө баштайт.

Андан кийин, шайлоо өнөктүгүнүн баштапкы күнүнөн 20 жана 25 күндөн кийин талапкерлер БШКга каттоо үчүн зарыл болгон документтерин бере алат. Ошондой эле, дүйшөмбү күндөн баштап БШКга шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн федералдык бюджеттен каражат түшө баштайт. 

"РИА Новости" агенттигинин маалыматына караганда өнөктүктү уюштуруу жана өткөрүүгө кеткен чыгымдар болжол менен 14 млрд 807 млн руб түзөт. 

Россия Федерациясынын президентин шайлоо 2018-жылдын 18-мартында өтө турган болду. БШКнын төрайымы Элла Памфилованын айтымында учурда президенттик шайлоого катышуу ниетин 23 талапкер билдирген. 

Алардын арасында учурдагы өлкө башчысы Владимир Путин, теле алып баруучу Ксения Собчак, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский, Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун негиздөөчүсү Алексей Навальный жана башкалар бар.