Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Гимнине 25 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз Республикасынын Гимнине 25 жыл

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Гимни кабыл алынганынын 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо жолдоду.

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын гимни кабыл алынганынын 25 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Мамлекеттик гимн - элибиздин эркиндигинин, өлкөбүздүн коомдук жана расмий турмушундагы эң башкы белгиси.

Гимн - элибиздин бүткүл тарыхынын, тагдырынын, мекенчилдик бийик касиеттин, эл, Мекенге болгон ыйык сезимдин символу.

Музыкасын залкар композиторлор Насыр Давлесов, Калый Молдобасанов, сөзүн таланттуу акындар Жалил Садыков жана Шабданбек Кулуев жазган мамлекеттик гимндин кабыл алынганына 25 жыл толот. Улуттук гимн чейрек кылымдан бери өлкөбүздүн турмушунун ажырагыс бөлүгү катары, элибиздин духун, патриоттук сезимин көтөрүп келет. Дүйнөнүн булуң-бурчтарында, эл аралык кадыр-барктуу ареналарда, дүйнөлүк спорттук оюндарда улуттук спорт чеберлеринин жеңиштеринде жаңырып, мамлекетибиздин көз карандысыздыгын даңктап келет.

Эгемен өлкөбүздүн башкы символу катары гимнди Кыргызстандын ар бир жараны сыймыктануу менен ырдап келет. Гимн – улуттук сыймыкка, улуттук – ар-намыска айланды.

Мамлекеттик гимн улутубуздун эркиндигинин ыры катары дайыма жашап, дайыма жаңырып турсун!»