Жаңылыктар
Абактагыларга жеңилдетилген шартта кармоочу жай ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Абактагыларга жеңилдетилген шартта кармоочу жай ачылды

Өмүр бою соттолгондор үчүн жеңилдетилген шартта кармоочу жай ачылды. Мындай окуя Кыргызстандын жаза өтөө системасында биринчи жолу ишке ашып жатат. Бул жердин шарттары эл аралык нормаларга шайкеш келет жана долбоор Кызыл крест уюмунун колдоосу менен ишке ашкан. 

Курулушка жалпы 30 миллион сом сарпталган. Жеңилдетилген шартта кармоочу жайга которулгандар үй-бүлөсү менен көбүрөөк сүйлөшкөнгө, телефон чалууга жана билим алууга мүмкүнчүлүк алышат. Кыргыз Республикасынын мыйзамында көрсөтүлгөндөй, тор артында 20 жылдан ашык отурган, ички тартипти бузбагандарга жазасын жеңилдетилген тартипте өтөөгө уруксат берилет. 

Жазасын жеилдетилген шартта өтөй тургандар ички комиссиянын чечими менен аныкталат. Учурда Кыргызстанда 300дүн тегерегиндеги адам өмүр бою эркинен ажыратылган. Алардын 100гө жакыны Чүй облусундагы №19 өмүр бою соттолгондор үчүн түзөтүү мекемесинде кармалууда.