Ушул тапта мигранттар глобалдык экономикага жана азыркы замандагы дүйнөнүн өнүгүүсүнө чоң салымын кошуп келишет. Ал гана эмес мигранттардын өз мекенине которуп жаткан акчалары өз өлкөлөрүнүн өнүгүүсүндө мааниси зор жана ички дүң продукциянын негизин түзөт деп айтылып келет. 1990-жылы БУУнун башкы ассамблеясы эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо боюнча эл аралык конвенцияны кабыл алган. Ал эми 2000-жылы эл аралык мигранттын майрамы негизделип, жыл сайын 18-декабрда белгилөө жөнүндө токтомго кол коюлган. Анткени ошол кезде бүткүл дүйнө жүзүндө мигранттардын саны кескин өсүп баштаган. Бүгүнкү күнү миграция кызматынын расмий маалыматы боюнча чет өлкөлөрдө 700 миңден ашык кыргызстандык бар. Анын 660 миңи Орусияда, калгандары Казакстанда, Түркияда жана аз санда Түндүк Корея жана Бириккен Араб Эмираттарында.
Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча чет жерде иштеген кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон ашык экени айтылып жүрөт. Кыргызстан ЕАЭБке кирүү алдында бир катар сындар айтылып, экономикалык көрсөткүчтөр кескин төмөндөйт деген пикирлер да болгон. Натыйжада убакыттын өтүшү менен ЕАЭБдин өлкөбүзгө оң таасирлери тийе баштаганы билине баштады. Буга бир эле мисал Орусияда жүргөн эмгек мигранттарынын да көйгөйлүү маселелери чечилип, алардан которулуп туруучу акча каражаттарынын көлөмү улам көбөйүүдө. Мурунку жылдары мигранттардын ысык-суукта иштеп тапкан акчасы аш-тойлорго гана иштетилип жок болуп кетип жатат деген жүйөөлөр көп айтылып келген. Учурда миграция кызматы мигранттардын акчасын иштетүү демилгесин көтөрүүдө.
Анда таман-акы маңдай тери менен тапкан каражаттарды кандайдыр бир ишкана ачууга жана ошол эле учурда өкмөт тарабынан жеңилдетилген насыяларды берүү механизмдери да сунушталууда. Союз тарагандан кийин Орусияга барып мигрант болуп, жеңил-өнөр жай тармагында 10 жылга жакын иштеген Назгүл Кенжебаева өз мекенине келип, бир катар колдоолорду тапты. Алган тажрыйбасын жана тапкан каражатын өз мекенине келип бөлүшүү үчүн кайра Кыргызстанга келип, тигүү цехин ачып иштетип, учурда 70 адамды жумуш менен камсыздайт. Анан да Кыргызстанда тигилген аялдардын кийимин, ЕАЭБ өлкөлөрүнө даңазалоодо. Маалыматка ылайык, планетанын ар бир 35-жашоочусу өз өлкөсүнөн алыс жерде иштеген мигрант болуп эсептелет. Алар өз тажрыйбаларын, билимин байытып, ар кайсы жерлерде жүрүп, идеялардын алмашуусуна түрткү болуп жана маданий прогресстерге демилге жаратып келет.