Жаңылыктар
Түштүк Кореяда төрт миңге чукул кыргыз жарандары бар экени айтылып келет
Кыргызстан жаңылыктары
Түштүк Кореяда төрт миңге чукул кыргыз жарандары бар экени айтылып келет

Мекендештерибиз негизинен курулуш, ишканаларда, тейлөө тармагында иштейт. Кыргыз жарандарынын көбү Сеулда, азыраагы гана башка шаарларында эмгектенишет. Түштүк Кореянын Чеджу аралында онго жетпеген мекендешибиз жашап, иштейт. Таласбек күнүнө жумуштан минтип кечинде чыгат. Бүгүн ишкананын унаасын айдап мекендеши Кыял менен Ён Жундун үйүнө конокко жөнөдү. Ал бир жылдан бери контейнерди кеңсеге, үйгө, дүкөнгө ылайыктап жасап берген ишканада эмгектенет. Адегенде бөтөн элдин тамак-ашынан кыйналып жүрүп, эми аз-аздан корейлердин турмушуна көнүп калганын айткан Таласбек эмгек эргүүсүн алып мекенине эс алып кеткени турат. Мекендешибиздин иштегенине бир жыл болду. 

Убагы келгенде келишимин узартып дагы 5 жылдай иштеп каражат тапсамбы деген ойдо. Ён Жун менен Кыял конок камын көрүп жаткан маал. Үйүнө мейманчылап мекендештери чогулат дегенде Кыял такай кыргыздын улуттук тамагын жасайт. Ал бүгүнкү кечки тамакка куурдак даярдап жатат. Кыргызстандан ала келген сары майы менен кыямдарын дасторконго койду. Чежудодо койдун эти тартыш, дүкөнгө түшүп калса балдарына шорпо кылып берет. Жылына тайларына барып турушат, ошондуктан уул, кызы анча-мынча кыргызча да сүйлөйт. Меймандар да келип калышты. 

Чежудодо эмгектенип, жашап жаткан мекендештерибиздин саны онго жетпейт. Анда-санда ушинтип чогулуп чай ичишип турушат. Негизинен деңиз азыктарын, ар кандай чөп-чарларды күрүчкө аралаштырып жешет. Ага деле көнгөнүн айткан Уланбектин Чеджудодо келишимдин негизинде иштеп жатканына үч жыл болуптур. Келишими аяктаарына аз калды. Улан азыр курулушка керек болгон шагылды жүктөгөн атайын техниканы айдайт. Айтымында Кореяда иштеп каражат тапса болот, мыйзамдуу жолдор менен келген мекендештердин ичинде айына 3 миң долларга чейин тапкандары бар. Кыял менен Ён Жун Бишкекте таанышкан. Аз эле убакыт кыз-жигит болуп сүйлөшкөн түгөйлөр турмуш курууну чечип Кыргызстанда чакан той берип, кийин Сеулда да үлпөт тоюн өткөрүшкөн. Кыял корей улутунун мырзалары кыргыздардай эле үй-бүлөгө камкор болоорун, такай аны колдоп коштоп тураарын айтат. Ён Жундун демилгеси менен Кыял үйүндө чакан кыргыз бурчун ачкан.