Жаңылыктар
Ынтымак айылына жер которгондор үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыз болот
Кыргызстан жаңылыктары
Ынтымак айылына жер которгондор  үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыз болот

Бул туурасында Ош электр ишканасы билдирет. Элди электр жарыгы менен туруктуу камсыздоо үчүн айылга көмөкчү чордон орнотулду. Жол, таза суу, сугат суу анан албетте электр жарыгы. Бул Ынтымак айылынын түптөлүшү үчүн тез арада чечилиши керек болгон алгачкы муктаждыктар эле. Мындан улам өлкө башчысынын, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин жана тийиштүү кызматтардын бирдиктүү иштөөсүнүн натыйжасында, жаздагы жер титирөөдөн жабыркагандар жаңыдан дем күч алып, жаңы өздөштүрүлгөн жерге отурукташышты.
Жазда эле ээн жаткан жер эми минтип заңгыраган тамдарга толуп, элдин каттамы үзүлбөгөн конуштуу жерге айланды. Мында азыр Курбу-Таш жана Аюу айылынан көчүп келген 83 үй-бүлө башпаанек тапты. Элдин минтип жай алышында энергетиктердин да салымы чоң.

Алгачкы күндөн эле чатырларга чейин электр жарыгы тартылып, эл мүдөөсү орундалган. Анда айылга жакын жердеги насостук станциянын линиясынан электр жарыгы тартылган эле. Бирок аны убактылуу пайдаланууга гана мүмкүнчүлүк берилген. Эми 6300 Киловольт-ампердик Жаман-Адыр көмөк чордонунун Ынтымактыктарды үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыздоого кубаттуулугу толук жетет. Бул үчүн өкмөттөн 35 миллион сом бөлүнгөн. Көмөк чордон бир апта аралыгында курулуп бүтүп, ишке берилди.