Жаңылыктар
Жыл ичинде 90дан ашык салыкчы иштен бошоду
Кыргызстан жаңылыктары
Жыл ичинде 90дан ашык салыкчы иштен бошоду

Быйыл 11 ай ичинде 90дан ашык салыкчы иштен бошоду. Салык кызматынын маалыматы боюнча, иштен алынган 92 кишинин төртөө алешемдикке жол бергени үчүн жумушунан кол жууду. Мындан тышкары 27 киши ээлеген кызматынын төмөндөтүлдү. 

Ошондой эле, 11 айда 344 салык кызматкери ички тартипти бузган. Муну менен катар жыл башынан бери ишке орношуу боюнча жарыяланган сынактын негизинде 77 киши жумушка алынган.