Жаңылыктар
С.Жээнбеков өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын долбоорунун жүрүшү менен таанышты
Саясат
С.Жээнбеков өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын долбоорунун жүрүшү менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-2040-жылдарга Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын долбоорун иштеп чыгуунун жүрүшү менен таанышты. 

Кеңешмеде Мамлекет башчысына Президенттин Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн эксперттик коомчулук менен биргеликте 2013-2017-жылдарга карата Стратегиянын ишке ашырылганын эске алуу менен Стратегиянын жаңы долбоорун иштеп чыгуу боюнча аткарып жаткан жумуш тууралуу маалымат берилди. 

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 20-январына чейин Стратегиянын акыркы варианты туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеште 2018-жылдын февраль айынын аягына чейин кабыл алыныш керектигин эске алуу менен 2018-жылдын 20-январына чейин анын кароосуна киргизилиши керек деген тапшырма берди. 

Эскерте кетсек, Стратегиянын долбоору 2017-жылдын 15-ноябрында Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин отурумунда негиз катары кабыл алынган, андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.