Жаңылыктар
Дүйнөдөгү эң узун кесме Гиннес китебине кирди
Дүйнө
Дүйнөдөгү эң узун кесме Гиннес китебине кирди

Узундугу 3084 метр келген кесме Гиннес китебине кирди. Аны кытайлык ашпозчулар жасаган. Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, бул кесменин салмагы 66 килограмм. 

Гиннес китебинин расмий өкүлү камыр чоюу процессине баштан-аяк күбө болгон. Ал бул кесмени жасоого 17 саат кеткенин жана 40 килограмм ун, 27 литрга жакын суу менен жарым килограммдан ашыгыраак туз колдонулганын айткан. 

Ал эми аны ченеп чыгууга 3 саат кеткен.