Жаңылыктар
Башталгыч класстагыларды сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоо аркеттери көрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Башталгыч класстагыларды сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоо аркеттери көрүлүүдө

Кыргызстанда 2013-жылы ишке кирген , БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу программасы мамлекет тарабынан шашке тамакка бөлүнгөн каражатты оптималдаштырууну көздөйт. 

Ага ылайык жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен мектептеги ашканаларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, керектүү жабдуулар алынып, ашпозчуларга машыгуу сабактары өткөрүлдү. Окуучуларга арналып түзүлгөн тамактын 150 түрү бекитүүдө ата-энелердин да салымы бар. 

Азыркы күндө өлкө аймагы боюнча 370ге жакын мектепте ысык тамак берилүүдө. Аталган долбоор шашке тамакка бөлүнгөн каражатты натыйжалуу колдонуу максатында башталгыч класстын окуучуларын сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоону көздөйт.