Жаңылыктар
Ташкент-Балыкчы темир жолу кийинки жылы ишке кирет
Кыргызстан жаңылыктары
Ташкент-Балыкчы темир жолу кийинки жылы ишке кирет

Кийинки жылы Ташкен-Балыкчы темир жол каттамы ишке кирет. Мындай маалыматты “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдирди. 

Ишкананын билдирүүсү боюнча, жакында эле бул каттамды ачуу боюнча макулдашууга жетишилди жана “Ташкент - Балыкчы” багыты боюнча Өзбекстан темир жолунун поезд курамы каттай баштайт. Учурда поезддин жүрүү тартиби жана жол киренин акысы такталууда.