Жаңылыктар
АКШда жүргүнчү ташыган поездден 6 адам каза тапты
Дүйнө
АКШда жүргүнчү ташыган поездден 6 адам каза тапты

АКШда жүргүнчү ташыган поезд рельстен чыгып кетип, унаа жолго кулады. Мунун кесепетинен 6 адам каза болуп, 77 жаран жабыркады. 

Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, Портленд-Сиэтл багытында жүрүп бараткан поезд саатына 130 чакырым ылдамдыкта бара жаткан. 

Унаа жолуна кулаган поезддин алдында бир нече машина калганы да айтылууда. Поездде 75тен ашуун жүргүнчү бар болгон.