Жаңылыктар
Өзгөндө жер көчкүнүн кесепетинен турак жайсыз калгандарга мобилдик үй жеткирилди
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөндө жер көчкүнүн кесепетинен турак жайсыз калгандарга мобилдик үй жеткирилди

Өзгөндөгү жер көчкүнүн кесепетинен турак жайсыз калып, кайра үй салып баштап, бирок тапмын бүтпөй калган жарандарга 8 мобилдик үй жеткирилип берилди. 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрликтин билдирүүсү боюнча, Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Аю айылына жер көчкүдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга 1 бөлмөлүү 8 мобилдик үй жеткирилип берилди.