Жаңылыктар
Сасык тумоо декабрь айында күч алды
Ден соолук
 Сасык тумоо декабрь айында күч алды

Сасык тумоо өтүшүп кеткендиктен 11 адам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Оор акыбалдагылардын бешөө жасалма дем алдыруу жабдуусуна туташтырылган. Мындай маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди. 

Дарыгерлердин айтымында, улуу муундун өкүлдөрү грипп болуп, ал өтүшүп кетсе, эски оорулары козголот. Ошондуктан, илдетти алдын алуу керектигин эскертет. Министрликтен сасык тумоо декабрь айында күчөгөнүн билдирди. 

Бишкектеги жугуштуу оорулардын клиникасына күнүнө 200дөн ашык адам кайрылып жатканын билдирди. Муну менен катар дарыгерлер январь айында дагы грипп болгондор көбөйүшү мүмкүн экенин айтууда.