Жаңылыктар
КСДПнын төрагалыгына Атамбаевдин талапкерлиги каралат
Саясат
КСДПнын төрагалыгына Атамбаевдин талапкерлиги каралат

Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) январдын аягында кезектеги курултайга чогулуп, партиянын төрагасы шайланат.

Азырынча партиянын жетектөөгө бир гана талапкер - экс-президент Алмазбек Атамбаев каралып жатканын КСДПнын төрагасынын биринчи орун басары, президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов билдирди.

КСДПда башка талапкер жок. Талапкерлердин саны чектелбейт, бирок партиялаштардын ою бир - ал Алмазбек Атамбаев. Башка ой жок.

КСДП - Кыргызстандагы бийликтин партиясы. Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде ага парламенттин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков жана Фарид Ниязов жетекчилик кылышкан. Бирок Турсунбеков да, Ниязов да партиянын төрагасы болгон эмес.