Жаңылыктар
Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү жогорулады
Экономика
Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү жогорулады

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча Кыргызстан алдыда келе жатат. Бул тууралуу ЕАЭБдин коллегиясынын мүчөсү Татьяна Валовая жасаган билдирүүдө айтылат. Маалыматка ылайык, 2017-жылдын акыркы он айында өлкөдө өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 13,7 пайызга өскөн. Мындан сырткары Кыргызстан жана Армения мамлекеттери ички дүң продукциясы боюнча жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон.


Жеңил өнөр жаатында өндүрүштүн өсүшүнө тигүү тармагы чоң салым кошконун адистер белгилешет. Евразия экономикалык биримдигинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңири колдонгон биздин ишкерлер, коңшу мамлекеттерге кийим кеченин көп көлөмүн экспорттошкон.

Адистердин айтымында, ЕАЭБдин шарттарына көнүү оңой олтоң иш болгон жок. Кыргызстан биримдикке кирген 2,5 жыл бою мамлекеттик органдар жеке секторлор менен бирге тынымсыз, опол тоодой жумуш жасоого туура келди.

Өлкө Евразия экономикалык биримдигинин мүмкүнчүлүктөрүнөн башка тармактарда да кеңири пайдаланууда. Эң ириде мигранттардын эркин жүрүүсүнө, укуктук жактан жеңилдетилген шарттарга ээ болуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мындан сырткары товар ташуу, ишкерлердин карым катнашында жеңилдиктер пайда болду.