Жаңылыктар
С.Исаков: «Коомдук кеңештер мамлекеттик орган жетекчилеринин тең укуктуу өнөктөрү болуусу керек»
Саясат
С.Исаков: «Коомдук кеңештер мамлекеттик орган жетекчилеринин тең укуктуу өнөктөрү болуусу керек»

Коомдук кеңештер мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен тең укуктуу өнөктөш катары иш алып барып, тармактагы чечилбеген көйгөйлөрдү жана паракорчулукка каршы күрөштө көмөк көрсөтүшү зарыл.  Мындай пикирин өкмөт башчы Сапар Исаков мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жыл сайын өтүүчү жыйынында билдирди.  Мындан улам Премьер-министр өкмөт жарандык коом институттарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бураарын билдирди.

Үч жылдын аралыгында мамлекеттик органдар менен коомдун ортосундагы кызматташтык жакшы жолго салынды. Коомдук кеңештер тарабынан бир катар паракорчулук көрүнүштөргө бөгөт коюлду, бюджеттин ачыктыгы камсыздалды, мамлекеттик кызматтагы алешемдиктер коомго жарыяланды. Ошол эле маалда кеңештин сунуштары эске алынып, коомдун демилгелери мамлекетке жеткирилүүдө.

Мыйзамга ылайык Коомдук кеңештердин мүчөлөрү комиссия тарабынан сыныктын негизинде тандалат. Бирок учурда коомдук кеңештерге мүчө болууну каалаган талапкерлер азыраак болууда. Мындан улам парламент депутаттары тарабынан тиешелүү мыйзамга толуктоолор киргизилип жатат. Анын бири Коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн иштөө мөөнөтү 2 жылдан 4 жылга узартылууда жана жыл аягында ишине баа берүү менен гендердик теңчиликти камсыздоо боюнча ченемдер камтылууда.