Жаңылыктар
Карганбек Самаков 10 жылга эркинен ажыратылды
Кыргызстан жаңылыктары
Карганбек Самаков 10 жылга эркинен ажыратылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков 10 жылга эркинен ажыратылды. Эки мунапыс менен абак мөөнөтү, үчтөн экиге кыскарат. Ал эми Игорь Чудинов менен Искендер Айдаралиевге 5 миллион сомдон айып салынды. Мындай чечимди Октябрь райондук соту чыгарды.

Булар менен кошо күнөөлөнүп жаткан Кубанычбек Самаков, Абай Таштанбеков, Аликбай Сариев, Эрнис Койчуманов жана Урмат Нурдиновдун үй-мүлкү конфискацияланып, катаал тартипте 8 жылга абакка кесилип, эки мунапыс менен абак мөөнөтү, үчтөн бирге кыскарды. Издөөгө алынган Арстанбек Ногоев, Курманбек жана Жаныш Бакиевдерге 10 жылдан берилди.

Белгилей кетсек, 2008-жылы Чүй облусундагы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү айыл чарба багытындагы жерлерди жеке менчикке өткөрүлгөнү боюнча Самаковго 2015-жылы май айында кылмыш иши козголгон. Ушул эле жылдын ноябрь айында Башкы прокуратура ишти сотко өткөргөн. 

Самаковдон тышкары, бул иш боюнча уулу Кубанычбек Самаковго, Жаныш жана Курманбек Бакиевдерге иш ачылган. Мындан тышкары, Аламүдүн райондук соту тарабынан мыйзамсыз токтом чыгарып бергени үчүн ошол кезде өкмөттү жетектеп турган Игорь Чудиновго, биринчи вице-премьер Искендербек Айдаралиевге жана айыл чарба министри Арстанбек Ногоевге айып тагылган.