Жаңылыктар
20-декабрь - УКМКнын кызматкерлеринин кесиптик майрамы
Кыргызстан жаңылыктары
20-декабрь - УКМКнын кызматкерлеринин кесиптик майрамы

20-декабрь - Улуттук коопсуздук кызматында иштегендердин кесиптик майрамы. Бул дата 2007-жылдын өкмөттүн токтому менен бекитилген. Мына ушул күндүн коопсуздук кызматкерлеринин күнү катары белгиленишинин тарыхый дагы мааниси бар. 

1917-жылдын 20-декабрында Жалпы орусиялык өзгөчө кырдаалдар комиссиясы түзүлгөн. Советтер Союзунун тарыхында бул түзүмдүн аталышы бир нече ирет өзгөргөн. Ал эми 1918-жылы Пишпек уезддик тергөө комиссиясы түзүлгөн. 

Коопсуздук кызматкерлеринин күнү Кыргыз мамлекетинен тышкары Армения, Орусия жана Белорусия өлкөлөрүндө расмий түрдө бекитилген.