Жаңылыктар
Дүйнөдөгү мигранттардын саны 258 миллионго жетти
Дүйнө
Дүйнөдөгү мигранттардын саны 258 миллионго жетти

Дүйнө жүзү боюнча мигранттардын саны 258 миллионго чамалады. Бул планетадагы элдин 3,4 пайызын түзөт. Мындай маалыматты РИА "Новости" БУУнун экономика жана социалдык департаментинин отчетуна таянып жазып чыкты. 

Белгилүү болгондой, мигранттардын саны 2000-жылга салыштырмалуу 49 пайызга өскөн. Жалпы мигранттардын 10 пайызы, же 26 миллиону качкындар.