Жаңылыктар
Сот депутат А.Шыкмаматовго 5 миллион сом айып салды
Саясат
Сот депутат А.Шыкмаматовго 5 миллион сом айып салды

Алманбет Шыкмаматовго 5 миллион сом айып салынды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май районду соту чыгарды. Отурумга судья Айбек Эрнис уулу төрагалык кылды. 

Эске салсак, Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деген айып тагылган. 

Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген болчу.