Жаңылыктар
Баткен районунун айыл аймактарында таштандыдан арылтуу иши башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен районунун айыл аймактарында таштандыдан арылтуу иши башталды

Баткен районунун Дара айыл аймагындагы айылдарды таштандыдан арылтуу иши башталды. Жергиликтүү бийлик уюштурган атайын унаа ар бир айылды жумасына бир ирет кыдырып таштандыны жыйнап кетет. 

Бул жумуш калк көп жайгашкан Чек жана Жаңы-Жер айылдарынан башталды. Жыйналган таштанды айылдын сыртындагы атайын аянтка төгүлөт. 

Таштанды ташууга кеткен чыгым азырынча айыл өкмөт тарабынан каржыланып жатат. Бара-бара жергиликтүү жашоочулар тазалык ишканасына аз өлчөмдө акча төлөшөт.