Жаңылыктар
Көмүрдүн баасы көзөмөлдөнүүдө
Айыл чарба
Көмүрдүн баасы көзөмөлдөнүүдө

Көмүрдүн баасы көзөмөлдөнүүдө. Бишкекте Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин, салык кызматынын жана шаар бийлигинин өкүлдөрү баш болгон топ атайын текшерүү иштерин жүргүздү. Анын натыйжасында кара алтындын наркын негизсиз жогорулаткандар аныкталды.

Көмүр баасы атайын кагаз менен көрсөтүлүшү керек. Ошондой эле кара алтынды кап менен алууну каалаган кардар анын салмагын билүүгө укуктуу. Биз кайрылган төрт көмүр сатуучу жайлардын үчөөндө дал ушундай эреже бузган көрүнүштөр аныкталды. Аларга айып пулдар салынат.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги көмүрдүн бир тоннасынын Бишкектеги баасы 3800-3900 сомдон экенин билдирет. Ал эми кап менен сатууда 50 килограмм салмактагы кара алтын 250 сомдон эсептелсе бир тоннасы 5000 сомго чыгат. Бирок мындай жол менен соодалоонун чыгымдары да бар.