Жаңылыктар
Максатына жетпеген митинг
Саясат
Максатына жетпеген митинг

Талдоочулардын пикиринде, өлкөбүз өлкө бүтүндүгүн бөлүп-жарууга аракеттенген адамдардан арыла албай келет. “Жыгылган күрөшкө тойбойт”,- демекчи, митинг - бийликтен четтетилген атка минерлердин эрмеги, куру убадалары менен карапайым калкты жамынып, кайрадан “портфель” көтөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуунун жолу катары сыпатталып калды дейт саясат таануучулар. Эзелтен, ынтымакты туу туткан кыргыз эли, бул чакырыктарга оңой эле тартыла бербээрин, бүгүнкү оппозициянын өкүлдөрү тарабынан уюшулган митинг көрсөтүп койду.

Оппозициянын Жалал-Абад шаарындагы митинги Барпы атындагы драма театрынын алдында өттү. Митингдин уюштуруучуларынын “миңдей катышуучу чогулат”,- деген ойлору бул ирет ишке ашкан жок. Чогулгандарга Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов менен Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Максат Жээнбеков модераторлук кылды. Ал арада жергиликтүү бир тургун Бектур Асановго анын бир учурларда 2010-жылдагы улут аралык кастыкка түздөн-түз тиешеси бар делинген Кадыржан Батыров менен жылуу мамилеси бар экендигин эске салды. Натыйжада, оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү менен жашоочулардын ортосунда кайым айтышуу орун алды.  

Ал арада, Аксы районунун жергиликтүү жашоочулары тынчтык митингине чыкты. Алар бүгүнкү митингдин уюштуруучларын өлкөнүн тынчтыгына бүлүк салгысы келген оппозициячыл топ деп сыпаттап, аларды жазгы талаа жумуштарга жолтоо болбоого чакырды.  Район тургундары, учурда жазгы талаа иштери менен кызуу иштеп жаткандыктарын белгилеп, айрыкча жаштарды ар кандай чакырыктарга азгырылбоого үндөштү. 

Аксы районундагы тынчтык митингинин катышуучулары атайын резолюция кабыл алды. Анда, оппозиция өкүлдөрүн бүткүл район жаштарынын атын жамынып, тастыкталбаган жалган маалыматтарды таратууну, коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу аракеттерин токтотуу талаптары камтылды.