Жаңылыктар
Кызыл-Кыяда көмүр казып жаткан бир адам каза болду
Кырсык
Кызыл-Кыяда көмүр казып жаткан бир адам каза болду

Кызыл-Кыя шаарында бир адам көмүр казып жатып, газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, окуя 20-декабрда болжол менен кечки саат тогуздар чамасында болгон. 

Куткаруучулар 80 метр тереңдикте көмүр казып жатып, газга ууланып каза болгон 38 жаштагы жарандын сөөгүн кенден алып чыгышкан. 

Маркум Кызыл-Кыя шааардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилди.