Жаңылыктар
Памирден келген кыргыздар үчүн паспорт берүү иштери жүргүзүлүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Памирден келген кыргыздар үчүн паспорт берүү иштери жүргүзүлүп  жатат

Памирден Кыргызстанга келген боордошторубузга паспорт жана балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү иштери жүргүзүлүп жатат. Мындан сырткары, мыйзам чегинде мамлекетик жөлөк пулдарды чегерип берүү каралууда. 

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, министрликтин өкүлдөрү Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздар менен жолугуп, этникалык кыргыздардын жашоо шарты менен таанышып, ар бир үй-бүлө менен аңгемелешкен. 

Ал эми Нарын райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Максатбек Сейдилдаев ар бирине социалдык паспорт толтурулуп, тынымсыз жардам көрсөтүп туруу үчүн социалдык кызматкерлер бекитилгенин билдирген. 

Эске салсак, ушул жылдын октябрь айында Памирде жашаган 33 этникалык кыргыз тарыхый мекенине көчүрүлүп келип, Куланак айылына отурукташкан.