Жаңылыктар
Кыргызстан - КМШ мамлекеттериндеги эң туруктуу өлкө
Экономика
Кыргызстан - КМШ мамлекеттериндеги эң туруктуу өлкө

Кыргызстан - КМШ мамлекеттериндеги эң туруктуу өлкө, 2013-жылдан бери калктын жашоо шарты да жакшырган. Мындай изилдөөнүн жыйынтыгын белгилүү литвалык Baltic Surveys (Балтик Сёрвейс) коомдук пикирлерди изилдөөчү компаниясынын директору Раса Алишаускене биздин каналга берген маалыматында белгиледи. Анын айтуусунда, изилдөө 15 жылдан берки СССР курамында болгон мамлекеттерде коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгы менен чыгарылган. Анда, коомдун абалынын өзгөргөнүнө саресеп салынган. Жыйынтыгында акыркы төрт жылда Кыргызстанда туруктуулук өкүм сүрүп жатканы байкалган.